Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Куткаруучулар бүгүн эртеден тарта Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери жүрүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, издөө иштерине 96 адам, анын ичинде ӨКМдин кызматкерлери, укук коргоо органдары жана жергиликтүү тургундар катышууда.
Белгиленгендей, бүгүн издөө иштерине кайыктар жана дрондор колдонулуп жатат.
"Нарындан Ак-Талаа райондоруна чейинки дарыянын нугу боюнча аймакты изилдөө иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн куткаруучулары да издөөгө катышууда",-деп айтылат маалыматта.