Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочуну издөөгө 198 адам тартылды

Кырсык 15 Август 2025 13:13
532557057_1165719055600819_3407538659589057541_n.jpg
533192843_1165719048934153_8090622771738123952_n.jpg
533476175_1165719052267486_7163347799413574120_n.jpg
533659476_1165719112267480_418884058274925528_n.jpg
534268956_1165719132267478_6140500354425761568_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 15.08.25 /Кабар/. Бүгүн, 15-августта жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочуну издөөгө 198 адам тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде куткаруучулар, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бар. Алар 5 дрон менен издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн КаМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна түшүп кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.