Эки-Нарын көпүрөсү жараксыз абалга келип, каттам убактылуу токтотулду

Аймак Загрузка... 13 Август 2025 17:47
531278953_1071360645172681_7987962949944411305_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 13.08.25 /Кабар/. Бүгүн Нарын районундагы Эки-Нарын көпүрөсү толугу менен жараксыз абалга келип, жол каттамы убактылуу токтотулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган көпүрө Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөргө карабастан эрежени бузуп өткөн оор жүк ташуучу унаанын кесепетинен көпүрө кулаган. Учурда кырдаалды жөнгө салуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, аталган көпүрө жараксыз абалга келгенине байланыштуу 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, долбоордук-сметалык документтери даярдалган. 5-августта тендер жарыяланып, 11-август күнү тендер өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө тендер боюнча иштер жүрүп жатат.

Жол иштери боюнча кошумча маалыматтар берилет.