Наркы 238 млн сом. Жалал-Абадда 500 орундуу жаңы мектеп курулууда

Аймак Загрузка... 19 Сентябрь 2025 13:26
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Ладан-Кара айылында №27 З.Бакиров атындагы мектептин жаңы 500 орундуу имараты курулууда.

Мэриянын маалымат борборунан билдиришкендей, заманбап имарат 2 кабаттуу болуп, 5 блоктон турат.

Курулуш иштери ушул жылдын июль айында башталган. Имараттын тендердик баасы 234 млн 764 миң сомду түзөт. Мектептин курулушу Дүйнөлүк банктын "Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" (ERIK) долбоору аркылуу ишке ашырылууда.

Эскерте кетсек, 2014-жылы ӨКМ аталган мектептин эски имаратын жараксыз деп тапкан. Ушул тапта ага карабай 270 орундуу эски мектепте 1107 окуучу билим алууда.