Наркы 1,3 млрд сом. Чүйдө суу сактагыч курула баштады

Экономика Загрузка... 18 Декабрь 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда жаңы суу сактагычтын курулушу башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бассейндин жалпы көлөмү 4,5 млн куб метрди түзөт. Объект пайдаланууга берилгенден кийин Ак-Суу сугат системасына кирген 6 500 гектар айдоо жерлерин суу менен камсыздоо жакшыртылып, региондогу айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугу кыйла жогорулайт.

Бассейндин узундугу 2 661 метрди, ал эми бийиктиги 23,5 метрди түзөт. Курулуш иштерин 2029-жылы толук аяктоо пландалууда.

Долбоордун жалпы наркы 1,3 млрд сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Белгилей кетсек, өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында 2024-2030-жылдар аралыгында өлкөдө суткалык жана декадалык жөнгө салуучу 106 бассейн куруу пландалган. Бүгүнкү күндө алардын 11инде курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.