Наманганда кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү

Экономика 28 май 2025 11:50
photo_28_3.jpg
photo_28.jpg
photo_28__.jpg
photo_28_.jpg
photo_28___.jpg
photo_28_0.jpg
photo_28_1.jpg
photo_28_2.jpg
Алдыга
Артка
photo_28_3.jpg
photo_28.jpg
photo_28__.jpg
photo_28_.jpg
photo_28___.jpg
photo_28_0.jpg
photo_28_1.jpg
photo_28_2.jpg
Алдыга
Артка

Ташкент, 28.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын Наманган шаарында Жалал-Абад облусунун ишкерлер делегациясынын катышуусунда бизнес-форум болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Форумга Кыргызстандын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Соода-өнөр жай палатасынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жетекчиси Мааданбек Караев жетекчилик кылышты.

Иш-чаранын алкагында В2В форматындагы эки тараптуу жолугушуулар өтүп, Жалал-Абад облусунан келген 32 компания өз товарларын жана кызматтарын тааныштырды. Форумдун жыйынтыгында эл керектөөчү товарларды жеткирүү боюнча бир катар келишимдерге жана контракттарга кол коюлду. Ошондой эле катышуучулар Наманган облусундагы текстиль өндүрүшүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

Форум бир катар маанилүү биргелешкен долбоорлорго жол ачты. Алардын катарында төмөнкүдөй демилгелер бар:

Ала-Бука районунда “Байтала” соода-логистикалык борборун куруу;

Кубаттуулугу 1000 МВтка чейин жеткен ГЭСтер каскадын куруу;

Соода жана өндүрүш тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунан Өзбекстанга негизинен ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал, жылкылар, минералдык суу, кыргыз жаңгагы, таш көмүр, травертин жана электр энергиясы экспорттолот.