Наманганда Эл аралык гүлдөр фестивалына кызуу даярдык көрүлүүдө

Борбор Азия Загрузка... 23 Май 2025 10:31
WhatsApp Image 2025-05-22 at 09.07.19.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.05.25. /Кабар/. Наманган шаарында 64-Эл аралык гүлдөр фестивалына кызуу даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Туризм комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалга 300 миңден ашуун чет элдик жана 8 миллионго жакын жергиликтүү туристтин келиши күтүлүүдө. Алардын арасында салттуу түрдө ар жылы катышып келе жаткан Кыргызстандын делегациясы да бар. Кыргыз тарап бул фестивалга кооз гүл жасалгалары, улуттук көргөзмөлөрү жана бай маданий программасы менен катышмакчы.

Шаарда майрамдык маанай түзүү үчүн 100 миллионго жакын гүл отургузулган. Анын ичинен 45 миллиону көчөлөр менен аллеяларды кооздосо, калган 65 миллиону «Бабур», «Афсона» жана «Жаңы Өзбекстан» парктарында гүлдөп турат.

Фестиваль салтка айланган, гүлдөр менен жасалгаланган 200дөн ашык унаанын автопарады менен ачылат. Бул кооз кербен Наманган шаарынын башкы көчөлөрү аркылуу өтөт.

Фестиваль быйыл 25-майдан 29-июнга чейин уланат.