Наманганда Эл аралык бал фестивалы өтөт

Борбор Азия Загрузка... 06 Октябрь 2025 14:20
photo_06_1.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.10.25. /Кабар/. 24–26-октябрда Наманган шаарындагы «Жомоктор өрөөнү» сейил багында IV Эл аралык бал фестивалы өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн туризм агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, фестивалга 10дон ашык өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан да балчылар келет. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, илимпоздор, маданият жана искусство өкүлдөрү да катышат.

Фестивалдын программасында бал жарманкеси, илимий-практикалык конференциялар, B2B форматындагы жолугушуулар, маданий шоу, палоо жасоо боюнча чемпионат, мода көрсөтүүсү жана тажрыйбалуу адистердин устаттык сабактары камтылган.

Ошондой эле фестиваль алкагында бир катар номинациялар боюнча сынактар да уюштурулат.