Мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш: Ошто жаңы эрежелер түшүндүрүлдү

Аймак 06 Март 2026 15:05
WhatsApp Image 2026-03-06 at 14.51.39.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-06 at 14.51.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-06 at 14.51.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-06 at 14.51.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-06 at 14.51.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-06 at 14.51.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-06 at 14.51.36 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon "NABU Кыргызстан" уюму

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүндө жарандарга аңчылык эрежелерин сактоо жана браконьерликтин алдын алуу боюнча окутуу уюштурулду. Бул тууралуу "NABU Кыргызстан" уюмунан билдиришти.

Мындай иш-чара аймакта укук бузуулардын кескин көбөйүшүнөн улам өткөрүлүүдө. Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы 48 мыйзам бузуу катталса, 2025-жылы бул көрсөткүч үч эсеге өсүп, 178 протокол түзүлгөн жана 2 млн сомдон ашык айып пул өндүрүлгөн. Ал эми 2026-жылдын эки айында эле 78 укук бузуу аныкталган.

Жолугушууда адистер министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген аңчылыктын жаңы эрежелерин түшүндүрүштү. Ошондой эле "NABU Кыргызстан" уюмунун өкүлдөрү илбирсти коргоо жана анын улуттук символ катары мааниси тууралуу презентация жасашты.

Экологиялык адистер мыйзамсыз аңчылык үчүн жоопкерчилик катуу экенин эскертип, жаратылышты коргоого чакырышты. Иш-чара профилдик министрликтин аймактык бөлүмдөрү жана экологиялык уюмдар тарабынан биргелешип уюштурулду.