Мыйзамсыз курулуш: Өзгөндө мамлекеттик мекемеге 100 миң сом айып салынды

Аймак Загрузка... 03 Июнь 2026 10:35
IMG_0876.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Өзгөн районунда жер тилкесин мыйзамсыз кеңейтип, өз билемдик менен контейнер орноткон Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ош аймактык башкармалыгына чара көрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, прокуратуранын катынын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Кызыл-Октябрь айыл аймагында Бишкек – Ош жолунун боюндагы тараза пунктунун жанына документсиз контейнерлер коюлганы аныкталган. Жер тилкеси тиешелүү уруксат кагаздары жок, өз билемдик менен кеңейтилип, курулуш жүргүзүлгөн.

Мекемеге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзамсыз коюлган объекттер алынып, жер тилкеси мурдагы баштапкы абалына келтирилди.