Эмгек миграциясындагы коопсуздук: Эмне үчүн мыйзамдуу ишке орношуу маанилүү?

Коом Загрузка... 26 Март 2026 11:40
CPnyJ1mDMFVvMGKYS2aBCLyHkS95SWa0vlPU0TGv-1.width-800.jpg
copyright icon www

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бир нече жылдан бери жарандарды мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүп келет. Мекеменин башкы адиси Эсенбек Эргешов “Биринчи радионун” эфиринде белгилегендей, мындай ишке орноштуруу көптөгөн үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө болууда. Маектин жүрүшүндө иштөө үчүн баратканда өлкөнү туура тандоо, ал жерге барганда эрежелерди сактоо жана мыйзамсыз ишке орношууда кыргызстандыктар туш болгон тобокелчиликтер тууралуу маанилүү темалар козголду. Мигранттардын укуктарын коргоого жана жумуш издөөнүн расмий жолдорун колдонуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Эсенбек Эргешовдун айтымында, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кыргызстандыктарды чет өлкөлүк эмгек рынокторуна уюшкандыкта ишке орноштурууну камсыздайт. Борбор жарандарга кеңеш берип, алардын укуктарын коргоого көмөктөшүү менен бирге, каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн мекенине кайтарууга кеткен чыгымдарды жабууга материалдык жардам көрсөтөт. Ошондой эле мекеме жеке ишке орноштуруу агенттиктерине лицензия берип, алардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт.

Кыргызстандыктар кайсы тармактарда ишке орношууда

Эсенбек Эргешов билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан Улуу Британия, Түштүк Корея, Россия жана Түркия сыяктуу өлкөлөр менен жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түздү. Маалымдалгандай, Япония жана Италия менен да бул багытта жигердүү иш жүрүүдө.

Улуу Британияда кыргызстандыктар айыл чарба тармагында, Түркияда туризм жана тейлөө багытында иштешет. Россияда өндүрүштө жана кампаларда иштөө үчүн адистер талап кылынса, Түштүк Кореяда өнөр жай секторунда, ал эми Словакияда транспорт жана логистика тармагында бош иш орундары бар.

Эмгек миграциясынын статистикасы

Эргешовдун айтымында, 2025-жылы 170 миңге жакын кыргызстандык чет өлкөгө иштегени кеткен. Алардын ичинен ишке орноштуруу борборунун жана жеке агенттиктердин жардамы менен 25 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Алардын ичинен 5 миң 500 жаран борбор аркылуу, 19 миң 500 жаран жеке агенттиктер аркылуу иштөө үчүн кетишкен.

“Бул жалпы миграциялык агымдын 15 пайызын гана түзөт. Калган 85 пайызы өз алдынча, жеке байланыштары аркылуу кетип жатышат. Тилекке каршы, мындай жарандар көп учурда оор турмуштук кырдаалдарга кабылып, эмгек эксплуатациясынын же адам сатуунун курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Ал эми биз аркылуу кеткендерди мекенине кайтып келгенге чейин көзөмөлдөп турабыз”, - деп баса белгиледи Эсенбек Эргешов.

Ошону менен бирге, ал өлкөдө миграция жаатында оң динамика байкалып жатканын айтты. Эгерде 5 жыл мурун жыл сайын миллионго жакын адам иштегени кетсе, азыр Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалдын жакшырышына байланыштуу көбү мекенине кайтып келишүүдө.

“Эгерде мурда Кыргызстан эмгек ресурстарын экспорттоочу өлкө болсо, азыр биз өлкөдөгү иштерди жүргүзүү үчүн чет элдик жарандарды тартып, кабыл алып жатабыз”, - деди ал.

Агенттиктердин ишмердүүлүгү жана ишке орноштуруудагы алдамчылык учурлар

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жарандарды дүйнөнүн 26 өлкөсүнө жөнөткөн 148 лицензиясы бар агенттик расмий түрдө иштейт. Алардын 99 пайыздан ашыгы көп жылдардан бери өз иштерин так аткарып, жакшы иштеп келишет. Бирок, айрым мыйзамсыз уюмдардын ишмердүүлүгү бүтүндөй тармакка көлөкө түшүрүүдө. Өзгөчө Англия өлкөсү массалык түрдө жумушка алган учурда күчөгөн онлайн-алдамчылык чоң коркунуч жаратат. Шылуундар агрессивдүү жарнамаларды колдонуп, Улуу Британияда же Германияда 6 миң АКШ долларынан жогору айлык акы менен жумушка орноштурууну убада кылышат. 2025-жылы биздин борборго 65 жабырлануучу кайрылган, алар жалпысынан чет өлкөгө алдамчыларга 110 миң АКШ долларын которуп жиберишкен”, - деди Эргешов.

Башкы адистин айтымында, шылуундар ар кандай ыкмаларды колдонушуп, келишимдерди жана ишке орноштуруу борборунун лицензияларын жасап алышат. Ошондой эле ишенимге кирүү үчүн видеочалуулар учурунда жасалма интеллект технологияларын (дипфейк) колдонушат.

Көйгөйдү чечүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Кыргызстандын аймагында ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн максаттуу жарнамаларына бөгөт коюу.

Ошентип, чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылуунун жана колдоонун маанилүү жолу бойдон калууда. Бирок, бул багыттын өнүгүшү көзөмөлдү күчөтүүнү, жарандардын маалымдуулугун жогорулатууну жана алдамчылык схемаларына каршы турууну талап кылат. Мындай шартта мамлекеттин, жеке агенттиктердин жана эмгек мигранттарынын чет өлкөдө иштөөнүн ачык-айкын, коопсуз жана мыйзамдуу шарттарын камсыздоого багытталган өз ара биргелешкен аракеттенүүсү негизги ролду ойнойт.