Мыйзам бузган талапкер шайланса да мандат албайт — Бекматов

Шайлоо Загрузка... 28 Ноябрь 2025 15:40
WhatsApp Image 2025-11-28 at 15.40.39 (1).jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Мыйзам бузган талапкер шайланып калса да, анын каттоосу жокко чыгарылат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов журналисттер үчүн өткөрүлгөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби мыйзам менен так жөнгө салынат. Тактап айтканда, добуш берүүгө 24 саат калганда бардык үгүт иштери токтотулууга тийиш.

“29-ноябрь күнү саат 08:00дөн кийин жандуу үгүт, социалдык тармактардагы кайрылуулар, билдирүүлөр, колдоолор жана бөлүшүүлөр токтотулат. Буга чейин илинген баннерлер менен плакаттар ордунда калат, бирок быйыл колдонулуп жаткан LED-экрандардагы жүгүртүүлөр өчүрүлөт”, — деди ал.

Бекматов белгилегендей, округдук шайлоо комиссиялары жана тиешелүү эксперттик топтор социалдык тармактарга күчөтүлгөн мониторинг жүргүзөт. Текшерүү шайлоого чейин бир күн мурун, добуш берүү күнү жана андан кийинки күнү да улантылат.

“Эгер талапкер же анын өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар аныкталса, талапкер шайланып калган күндө да анын каттоосу жокко чыгарылат. Мындан сырткары, мыйзамда көрсөтүлгөн санкциялар колдонулат. Мыйзам бузууларга шайлоо фондунун көлөмүн 0,5%дан ашык мыйзамсыз коротуу да кирет”, — деп кошумчалады Бекматов.