Музыка, энергия, эргүү! Кыргызстан менен Германиянын өнөрпоздорунун концерти өтөт

Маданият Загрузка... 21 Апрель 2026 11:15
pngtree-conductor-leading-an-orchestra-in-a-dramatic-performance-image_20408277.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Германиянын өнөрпоздорунун катышуусунда "Чексиз симфония" аттуу уникалдуу концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Классика менен этно айкалышкан концертке Германия тараптан ODK Orchestra (Оркестр культур) чыгармачыл жамааты, ал эми Кыргызстан тараптан Нур Өмүрбаев жетектеген Филармониянын алдындагы эстрадалык-симфониялык оркестр катышат.

ODK Orchestra – классикалык оркестрдин форматын кеңейтип, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарындагы музыкалык салттарды бириктирген уникалдуу чыгармачыл жамаат. Оркестрдин курамында ар түрдүү өлкөлөрдөн келген музыканттар бар жана алардын репертуары батыш классикасынан тартып этникалык жана заманбап үндөргө чейин камтыйт.

Оркестрди белгилүү дирижёр Адриан Верум жетектейт.

Концерттин уникалдуулугу – алгач ирет эки оркестр бир сахнада биригип, ар түрдүү музыкалык мектептердин жана салттардын үндөшүүсүн көрсөтөт. Классикалык жана этникалык аспаптардын айкалышы жаңы, өзгөчө симфониялык үн жаратат.

Программада дүйнөлүк чыгармалар менен катар Кыргызстан үчүн атайын даярдалган композициялар аткарылмакчы. Айрыкча кыргыз музыкасынын жаңы симфониялык аранжировкалары аркылуу улуттук мурас заманбап өңүттө жаңырып, жаңыча угулат.