Музейлерге ачык эшиктер айынын биринчи жумасында 50 миңге жакын адам келди

Маданият Загрузка... 13 Октябрь 2025 16:02
564615326_1110997594525329_3774521570347689496_n.jpg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Музейлерге ачык эшиктер айынын биринчи жумасында 50 миңге жакын адам келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, 1-октябрдан тарта мамлекеттик музейлерге кирүү акысыз болууда. Бул демилге президенттин жарлыгына ылайык ишке ашырылып жатат. Ачык эшиктер айында 37 музейге биринчи жумада 50 миңге жакын киши баш бакты.

Белгилей кетсек, өлкөдө алгачкы музейдин түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Ачык эшиктер айы 1-октябрдан 30-октябрга чейин уланат.