Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда каракчылык фактысы менен эки жаран камакка алынды.
Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, 14-ноябрда Токтогул РИИБине Сузак районунун 2007-жылы туулган Ч.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 13-ноябрда бейтааныш 20-25 жаштагы балдар тарабынан ур-токмокко алынгандыгын билдирген.
Аталган факты "Каракчылык" беренеси боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ч.Т. 13-ноябрь күнү саат 23:50 чамасында Сузакта Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы менен такси кызматын көрсөтүп жүргөн учурда эки бала Шамалды-Сай шаарына жеткирип коюуну суранышкан.
Алар Бүргөндү аймагына жеткенде унаанын артында отурган балдардын бири айдоочуну жип менен муунтуп, экөөлөп ур-токмокко алып, колу-бутун байлап, унаанын арткы орундугуна жаткырып, Бишкекти көздөй жөнөшкөн.
Суусамырга жеткенде унаанын дөңгөлөктөрү жарылып, эки бала уктап калган учурда Ч.Т. унаадан түшүп, жолдон жүк ташуучу унаа менен Токтогулга келип милицияга кайрылгандыгы маалым болду.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 2006-жылы туулган М.А. жана 2008-жылы туулган Н.А. аттуу тургундары кармалып, 2 айга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.