Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда саат 14.00гө карата шайлоочулардын 19 пайызы добуш берди. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч 815 миң 766 шайлоочуну түздү.
Шайназаров белгилегендей, бул сааттардагы шайлоочулардын катышуусу 2021-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 300 миңге көп экенин көрсөтүүдө.
“14.00гө карата шайлоочулардын эң төмөн катышуусу Бишкек шаарында байкалууда. Мындан улам шаар тургундарын шайлоого активдүү катышууга чакырабыз”, - деди ал.