Мурдагы айыл өкмөт башчысы кылмыштуу топту каржылоого шектелүүдө

Укук тартиби 21 ноябрь 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-11-21 at 12.17.30.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-21 at 12.17.33.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-21 at 12.17.30.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-21 at 12.17.33.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Г.Ш.М. (1976-жылы туулган) кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал "Дженго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалды.

Г.Ш.М. аффирленген адамдар аркылуу "Ноокат универсал базар" ЖЧКсынын коммерциялык түзүмүнөн киреше алып, аны уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жумшаганы аныкталды.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, "Ноокат универсал базар" ЖЧКсынын балансында турган 14 276,28 чарчы метр аянттагы жер тилкеси, ошондой эле Г.Ш.М.га таандык болгон 2005-жылкы Lexus GX470 унаасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Учурда тергөө иштери уланууда, аны менен катар кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын жана каржылоо булактарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.