Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту капиталдык оңдоодон өтүп, кошумча инфраструктуралар курулуп, сырткы көрүнүшү да, жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттары да кыйла жакшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, акыркы жылдары президент Садыр Жапаров авиация тармагына өзгөчө көңүл буруп, ички аба каттамдарын жандандыруу багытында чоң иштер жасалды.
"Нарын, Баткен, Каракол, Тамчы, Казарман, Талас, Кербен аэропорттору жаңыланып, кайрадан ишке берилди. Мамлекет өз каражатына жаңы учактарды сатып алып, каттамга чыгарды. Бул иштерде "Манас" аэропортунун кирешесинин салымы чоң.
Бирок мурда абал таптакыр башкача эле. Аэропортко жетекчи болуп келген айрым адамдар мамлекеттик ишкананын кызыкчылыгынан жеке бизнесин жогору коюп, кирешелүү тармактарды өз компанияларына өткөрүп монополия кылып алышкан болчу. Биринин тушунда мамлекеттик авиакомпания банкротко учураса, экинчилери аэропорттун киреше булактарын жеке көзөмөлүнө алган.
Азыр бул тармактар иретке келтирилип, кирешелер мамлекеттин кызыкчылыгына багытталууда. Анын натыйжасын жаңыланган аэропорттордон, жаңы учактардан жана жанданган ички каттамдардан көрүп жатабыз.
Көп жылдан бери чечилбей келген Европанын авиациялык "кара тизмесине" байланышкан маселе жөнгө салынды. Эми алдыда эл аралык каттамдарга ылайыкталган жаңы учактарды сатып алуу, Европага жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө түз каттамдарды ачуу планы турат.
Бир кезде ички каттамдарды сактап калуу чоң маселе болсо, бүгүн дүйнөгө түз учуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жөнүндө сөз кылып жатабыз. Авиациянын өнүгүшү — бул туризм, инвестиция, соода жана өлкөнүн дүйнө менен байланышы",-деп белгиледи ал.