Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда C909 учагынын базасындагы учуучу госпиталдын катышуусунда "Ден соолуктун аба Жибек жолу" кайрымдуулук миссиясынын ачылышы өттү.
Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, долбоор Кытайдын COMAC коммерциялык учактар корпорациясы менен Фудань университетинин Офтальмология жана оториноларингология ооруканасы тарабынан демилгеленген.
"Ал адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүгө жана Кыргызстан менен Кытайдын авиация жана саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Ачылыш аземине Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов катышып, авиациялык технологияларды гуманитардык максатта колдонуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүн бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи.