Үч жылдык эмгек: Кыргызстан авиациялык чектөөлөрдү кантип жеңди?

Коом
Үч жылдык эмгек: Кыргызстан авиациялык чектөөлөрдү кантип жеңди?
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстан 2006-жылы Евробиримдиктин авиациялык "кара тизмесине" киргизилип, 2023-жылы башталган реформалардын натыйжасында 2026-жылдын июнь айында андан чыгарылды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттерине “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында лекция окуп жатып билдирди.

Анын айтымында, кара тизмеден чыгуу үчүн авиациялык көзөмөл системасын өзгөртүү, инспекторлордун кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана эл аралык талаптарга жооп берген жаңы механизмдерди киргизүү зарыл болгон.

“Кара тизмеден чыгуу үчүн көзөмөл системасын өзгөртүү керек. Биз 2023-жылы ишти баштап, тармакка жаш адистерди тарттык. Инспекторлорубузду Европага окутууга жөнөтүп, жаңы механизмдерди жана документтерди киргиздик. Алар күнү-түнү иштеп, аудиттерден өтүштү. Бул иште авиациялык институттун бүтүрүүчүлөрү да чоң роль ойношту”, - деди Бостонов.

Анын белгилешинче, 2025-жылы акыркы аудит өткөрүлүп, 2026-жылы Евробиримдиктин транспорт боюнча комитетинде Кыргызстан өз позициясын коргогон. Натыйжада өлкө авиациялык "кара тизмеден" чыгарылган.

Мамлекеттик агенттиктин директору "кара тизмеден" чыгуунун негизги натыйжасы өлкөнүн эл аралык аброюн калыбына келтирүү экенин белгиледи.

Анын айтымында, мындай чектөөлөр инвестиция тартууга, учактарды сатып алууга жана авиация тармагын өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизет.

“Кара тизме — өлкөнүн аброюна түшкөн так. Инвесторлор авиация тармагына ири каражат салууну пландап жатканда, өлкөнүн "кара тизмеде" турганы тууралуу маалымат алардын чечимине таасир этиши мүмкүн. Мындан улам тартылбай калган инвестициялардын жана келтирилген экономикалык чыгымдардын көлөмүн эсептөө кыйын”, - деди ал.

Ошондой эле Бостонов "кара тизмеден" чыгуу кыргызстандык авиация адистеринин эл аралык эмгек рыногундагы аброюна да оң таасирин тийгизип жатканын кошумчалады. Анын маалыматына караганда, Кыргыз авиациялык институтунун бүтүрүүчүлөрү чет өлкөлүк авиакомпанияларда иштей башташты.

Ал белгилегендей, өлкөнүн авиация тармагындагы эл аралык талаптарга шайкештигин камсыз кылуу жана көзөмөл системасын өркүндөтүү боюнча иштер мындан ары да улантылышы керек.