Мүмкүн эмес нерсе жок: Авиация агенттигинин жетекчиси студенттерге лекция окуду

Коом
Мүмкүн эмес нерсе жок: Авиация агенттигинин жетекчиси студенттерге лекция окуду

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандык авиацияны өнүктүрүү жана өлкөнүн авиация тармагын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү багытындагы реформалар кадрларды даярдоого жана авиациялык көзөмөл системасын өркүндөтүүгө шарт түзүүдө. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов “Ачык кабинеттин” алкагында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттерине лекция окуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн жарандык авиация тармагында акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүлөр болуп, аэропорттор реконструкцияланып, жаңы аэропорт курулууда. Ошондой эле авиация тармагында иштей турган адистерди даярдоого жана жумушка орношууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бостонов студенттерге авиация тармагынын жетишкендиктерин белгилеп, студенттерди мүмкүн эмес деген түшүнүктөн алыс болууга чакырды.

“Сиздер авиация тармагында, авиакомпанияларда, аэропорттордо жана башка мекемелерде иштей турган адистерсиздер. Мүмкүн эмес деген түшүнүккө ишенбешиңер керек. Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр буга мисал. Аэропорттор реконструкцияланып, жаңы аэропорт курулуп жатат. Тармакта кадрларды даярдоо жана аларды жумушка алуу багытында да өзгөрүүлөр чоң”, - деди ал.

Анын маалыматына караганда, аэропорттордогу авиациялык коопсуздук кызматында иштөө үчүн коюлган талаптар да өзгөргөн. Мурда бул кызматка жумушка орношууда авиациялык билимдин болушу милдеттүү талап болбосо, учурда тиешелүү кызматтык талаптарда авиациялык коопсуздук багытындагы билимге басым жасалууда.

Мындан тышкары, мамлекеттик агенттиктин директору жарандык авиацияны башкаруу системасын реформалоонун маанисине токтолду.

“Президенттин 2022-жылдагы №158 “Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы тармакты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болду. Аталган жарлыктын негизинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмүнөн бөлүнүп, министрлер кабинетине караштуу орган катары иштей баштаган. Бул чечим жарандык авиация тармагындагы саясатты жүргүзүүдө, көзөмөлдү уюштурууда жана башкаруу системасын өркүндөтүүдө өз алдынча иш алып барууга шарт түзгөн”,-деди Бостонов.

Лекциянын жүрүшүндө студенттерге жарандык авиацияны өнүктүрүүдө адистердин кесиптик даярдыгынын, жоопкерчилигинин жана эл аралык талаптарга ылайык иш алып баруусунун мааниси түшүндүрдү.