ЕЭКте учкучсуз авиациялык системалардын келечеги жана жөнгө салуу маселеси талкууланды

Экономика Загрузка... 11 Июль 2025 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Арзыбек Кожошевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. 10-11-июлда Евразия экономикалык комиссиясында "Жарандык авиациядагы учкучсуз авиациялык системалар: келечек, чакырыктар жана жөнгө салуу" темасында тегерек стол өттү. Иш-чарага Кыргызстандын ЕЭКтеги энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев төрагалык кылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жарандык максаттарда учкучсуз авиациялык системаларды (УАС) колдонуу маселелери, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) эксплуатациялоо коопсуздугун камсыздоо маселелери каралды.

"Глобалдык санариптештирүү шартында жана натыйжалуу логистикалык чечимдерге болгон суроо-талап өсүп жаткан учурда, учкучсуз технологиялар транспорттун коопсуздугун жогорулатууга, чыгымдарды азайтууга жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деди Кожошев.

Тегерек столдун алкагында УАС чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйба жана таанышуу иштери жүргүзүлдү. Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО), Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) жана Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (ИАТА) өкүлдөрү эл аралык жөнгө салуу боюнча актуалдуу темаларды жана маселелерди сунушташты.

Жыйынтыгында катышуучулардын сунуштарын камтыган резолюция кабыл алынды. Анда учуулардын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы нормативдик актыларды шайкеш келтирүү, санариптик технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллекттин ролу боюнча сунуштар жана тыянактар каралган.