Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Кыргызстандан Европага түз каттамдарды ачуу үчүн биринчи сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Ал белгилегендей, Брюсселде Германия жана Польша мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, аталган өлкөлөрдүн авиакомпаниялары Кыргызстанга түз учууга кызыкдар экендигин билдиришкен.

“Буга чейин биз качан “кара тизмеден” чыгабыз деген суроо дайыма берилип келчү. Азыр болсо Евробиримдиктин кайсы өлкөсүнө качан түз уча алабыз деген суроо бериле баштады. Брюсселде Германиянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Анда Франкфурт-Бишкек, Берлин-Бишкек каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Азыр биз Германиянын Транспорт министрлигин июль айында Кыргызстанга келүүсүн күтүп жатабыз. Ошондой эле Германиянын авиакомпанияларынын өкүлдөрү дагы келишет. Жыл соңуна чейин Евробиримдик өлкөлөрү менен каттамдар жандана башташы үчүн күчөтүлгөн тартипте иштейбиз. Мындан тышкары, Брюсселде Польша мамлекетинин өкүлдөрү менен дагы жолуктук. Аларда “Лот” аттуу авиакомпания бар. Алар Кыргызстанга каттам ачууга кызыкдар экенин билдиришти”, - деди Данияр Бостонов.
Кыргызстан “кара тизмеде” дээрлик жыйырма жылдан бери турду. Андан бери сүйлөшүүгө бир нече ирет аракет болгону менен майнап чыккан эмес. 2012-жылдары авиация тармагында иштеп турганда Европага болгон каттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышып калган экономист, Инвесторлор бирикмесинин төрагасы Кайрат Итибаев бул жеңиш оңой эле келип калбаганын айтты.
“Кара тизмеден" чыгаралы деген маселе менен Брюсселге 2012-жылдын май айында жетекчилик менен барганбыз. Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, ошол жакта отурсак, барып-барып жеңилдетебиз деген сөздү айтышкан. Бирок ал ишке ашпай калды, себеби жогорку бийликте саясий эрк болгон жок”, - деди ал.
Демилге көтөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сырттан оңой көрүнгөнү менен иш жүзүндө аларды аткаруу алда канча оор болгон. Биринчи кезекте эле жарандык авиациянын бюджетин көтөрүп, буга кызматкерлерди, инспекторлорду эл аралык оууудан өткөрүп, билимин улам сайын жогорулатып, материалдык-техникалык базаны замандын талабына ылайык кеңейтип туруу болгон. Мындан башка миңдеген документтерди англис тилине которуп, жарандык авиация боюнча эл аралык ИКАО уюмунун аудитинен өтүү - “кара тизмеден” чыгуунун негизги жолу болду.
Бул үчүн авиация тармагынын бюджетин көтөрүү дагы маанилүү маселеге кирген. 2023-жылы жарандык авиация мамлекеттик агенттиктин бюджети 62 млн сомду түзсө, быйыл тагырагы үч жылдын ичинде бул көлөм 200 млн сомго жогорулаган.
“Мага 2023-жылы европалыктар бул эч кандай саясий маселеге кирбей тургандыгын, бул бир гана техникалык маселе болгонун айтышкан. Болгону талаптарды аткарып, аудиттен өтсөңөр “кара тизмеден” чыгасыңар дешкен. Мен бул саясий маселе деп көп уккам. Балким ошондон убагында көбү саясий маселе деп ойлоп, ишти баштагысы келген эмес. Бирок биз азыр көрүп тургандай “кара тизмеден” чыктык, бул жерде эч кандай саясаттын болбогонун ишендирип кете алам. Мунун баары жарандык авиациянын адистерине тийиштүү гана иш болгон”, - деп белгиледи Данияр Бостонов.
Учактын бир канаты авиация болсо, бир канаты туризм деп айтылгандай, Европа менен түз каттамдардын ачылышы туризмдин мындан аркы өнүгүшүнө негизги пайдубал болуп калды.
Экономисттердин болжолдуу маалыматтарында Кыргызстандан Европага түз каттам ачылгандан кийин экономика болжол менен 10-12% өсүшү мүмкүн. Кыргызстандыктардын көп акчасы транзиттик өлкөгө эмес, өзүбүздө калат.
Ошол эле учурда эксперттер өлкө жарандарына англис тилин үйрөтүүнү күчөтүүнү колго алуу керектигин айтышууда.

“Азыркы тапта авиабилетке бул эч кандай таасир этпейт. Мен муну авиакомпаниянын мурдагы директору катары айтам. Бул биринчи кезекте биздин өлкөнүн дүйнөлүк имиджи гана эмес, чоң реформаларды жасай ала турчу ишеничтүү өнөктөшүнө дагы айланат. Бул туристтик гана эмес, инвестициялык патенциалды дагы жогорулатат. Европалык авиакомпания бизден учабы же тескерисинче биздин авиакомпания сапарды ишке ашырабы, айырмасы жок, атаандаштыктын негизинде авиабилеттердин баасы дагы төмөндөшү мүмкүн. Мен 15 жыл мурун жарандык авиация тармагына келгенмин. Ошол убакыттан бери биздин авиация кантип жашап жатканын көрүп жүрдүм. Чынын айтканда, ошол учурда көп адамдарга, атка минерлерге баары бир болчу. Бул тармак кандай болсо ошол бойдон кала берген. Ал учурда өзгөрүүнү каалагандар көп деле эмес болчу. Биз бирөө-жарымды жаман дегибиз келбейт. Бирок ошол маалда кимдин кандай иштеп турганы көрүнүп турчу”, - дейт авиация боюнча эксперт Тимур Аралбаев.
Эми кыргыз авиациясынын жоопкерчилиги эки эсеге жогорулады. Кыргызстандын өзүнө болгон ишеними эл аралык деңгээлде дагы бир тепкичке көтөрүлдү. Жарым жыл сайын Евробиримдиктин атайын текшерүүсүнөн өтүп турушмакчы. Мындан тышкары, коопсуздукту жогорку деңгээлде сактап туруу үчүн инспекторлорду тынымсыз окутуп туруу негизги талаптардын бири бойдон калды.