Бишкекте сапатсыз курулуш аныкталып, компания кара тизмеге киргизилди

Коом 25 сентябрь 2026 13:20
1.jpg
1b28bbf1-db78-4331-adc2-ee59dfea1df6.jpg
1cfea948-ea40-49c5-9a42-00803a1c6ca7.jpg
50e95cc9-0452-4b42-ab96-489f51ee3c56.jpg
6925425e-7cae-469e-ab2d-4d8e94c4769f.jpg
b846eaa8-9cae-45ba-813c-aca650224174.jpg
e5037a98-e5ba-4fdf-9546-5087aed2125a.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
1b28bbf1-db78-4331-adc2-ee59dfea1df6.jpg
1cfea948-ea40-49c5-9a42-00803a1c6ca7.jpg
50e95cc9-0452-4b42-ab96-489f51ee3c56.jpg
6925425e-7cae-469e-ab2d-4d8e94c4769f.jpg
b846eaa8-9cae-45ba-813c-aca650224174.jpg
e5037a98-e5ba-4fdf-9546-5087aed2125a.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу бизнес-борбордун курулушунда сапатка байланыштуу кемчиликтер аныкталып, курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүү Байтик баатыр көчөсү 23-25, Кошевой көчөсү 31, 31А, 33 жана 38 даректериндеги 15 кабаттуу имаратта жүргүзүлгөн. Анда биринчи кабаттагы түркүктөрдө көңдөйлөр пайда болгону жана жүк көтөрүүчү конструкцияларга бетон аралашмасын куюуда жетиштүү тыгыздалбаган учурлар аныкталган.

Кемчиликтерди лабораториялык изилдөө үчүн адистер менен биргеликте курулуштан үлгүлөр алынган. Натыйжада "Ивен КЗ" ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, курулуш иштери токтотулган.

Мындан тышкары, компания кара тизмеге киргизилип, лицензиясынын колдонулушу токтотулган. Объектте иштеген прораб Чынгыз Абдыжалиловдун жана техникалык көзөмөл адиси Канжарбек Толомушовдун сертификаттары жокко чыгарылган. Ошондой эле объектке көзөмөл жүргүзгөн жооптуу инспектор кызматынан бошотулган.