Мураталиев: “Айтил” платформасы мамлекеттик тилди санариптештирүүдөгү маанилүү кадам

Коом Загрузка... 16 Июнь 2025 16:35
WhatsApp Image 2025-06-16 at 16.04.27.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/.“Айтил” платформасы мамлекеттик тилди санариптештирүүдөгү маанилүү кадам. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, бул 2020-жылдан бери Улуттук тил комиссиясы тарабынан мамлекеттик тил боюнча жасалма интеллекттин негизинде иштелип чыккан продукцияларды бириктирген улуттук платформа.

“Бүгүнкү күндө дүйнөдө технология тездик менен өнүгүп жатат. Биз да жасалма интеллект тармагында артта калбашыбыз керек. Бул платформа жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн чоң жеңилдик түзөт. Себеби, учурда интернет мейкиндигинде мамлекеттик тилдеги мазмун аз”,-деди ал.

Мураталиев кошумчалагандай, азырынча платформанын негизги модулдары иштелип чыккан. Бирок, анын толук мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу үчүн эки негизги маселе турат.

“Биринчиси техникалык база. Учурда колдонуп жаткан суперкомпьютерлердин кубаттуулугу жетишсиз. Алар 5 жыл мурда алынган. Тездик менен өнүгүп жаткан ааламдашуу доорунда бул суперкомпьютерлердин эскилиги жеткен. Бирок, мамлекет бул маселени чечүүгө көмөктөшүүдө. Экинчи маселе тилдин улуттук корпусу. Мамлекеттик тилдин улуттук корпусу толук иштелип чыгышы керек. Жыл соңуна чейин корпус толук кандуу иштелип чыкса, жасалма интеллектке окутуп таанытсак, аталган платформа толук кандуу кынтыксыз иштейт деп ойлойм”, - деди ал.