"Мурас Юнайтед" эл аралык турнирдин алкагындагы оюндарды өз стадионунда өткөрөт

Спорт Загрузка... 20 Октябрь 2025 15:05
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Бишкекте 25-31-октябрь күндөрү 2025-2026-жылкы AFC Challenge League турниринин топтук этабынын оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, бул турнирде Кыргызстандын атынан “Мурас Юнайтед” жана “Абдыш-Ата” футбол клубдары чыгат.

“Мурас Юнайтед” клубу С тобунда Тажикстан, Ливан жана Кувейт өлкөлөрүнүн командалары менен беттешет. Команданын бардык оюндарын Д. Омурзаков атындагы стадиондо өткөрүү пландалган. Оюндун башталышы — саат 20:00.

С тобунун оюндарынын тартиби:

25-октябрь

16:00 — Сафа (Ливан) - Аль-Араби (Кувейт)

20:00 — Регар-Тадаз (Тажикстан) - Мурас Юнайтед (Кыргызстан)

28-октябрь

16:00 — Аль-Араби (Кувейт) - Регар-Тадаз (Тажикстан)

20:00 — Мурас Юнайтед (Кыргызстан) - Сафа (Ливан)

31-октябрь

16:00 — Регар-Тадаз (Тажикстан) - Сафа (Ливан)

20:00 — Аль-Араби (Кувейт) - Мурас Юнайтед (Кыргызстан)

Белгилүү болгондой, ошол эле маалда “Абдыш-Ата” клубу өзүнүн оюндарын А тобунда Бутандын Тхимпху шаарында өткөрөт. Ал жерде команда Түркмөнстандын “Алтын-Асыр”, Омандын “Аль-Шабаб” жана Бутандын “Паро” клубдары менен беттешет.

Мындан тышкары, AFC Challenge League турниринин топтук этабында батыш жана чыгыш аймактарына бөлүнүү менен жалпы 20 клуб катышат.

Маалыматта айтылгандай, Батыш аймагынан плей-офф баскычына үч топтун жеңүүчүлөрү жана кошумча көрсөткүчтөр боюнча эң мыкты экинчи орунду алган команда чыгат.