Мурас-Ордо конушунун тургундарына жагымдуу жаңылык! Жаңы автобус каттамы ишке кирди

Коом 15 декабрь 2025 12:16
WhatsApp Image 2025-12-15 at 12.09.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-15 at 12.09.08.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-15 at 12.09.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-15 at 12.09.08.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрдан тарта Бишкектин Мурас-Ордо конушунан "Ош" базарына чейин жаңы №43 автобус каттамы ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам конуштун тургундарына ыңгайлуу шарт тузүү максатында иш киргизилип, Исузу үлгүсүндөгү кичиавтобустар тейлейт.

Автобустар Мурас-Ордо – "Ош" базары аралыгында кайсыл көчөлөр менен каттайт?

Ош базар тарапка бара жатканда Манас көчөсү, Почтовый көчөсү, Фрунзе көчөсү, Айланып өтүүчү жол, Юбилейный көчөсү, Ленский көчөсү, Чүй проспектиси менен бара жатып Бейшеналиева көчөсүнө түшөт, ал эми Мурас-Ордого кайтып келе жатканда Москва көчөсү менен Фучик көчөсүнө чыгып, калган маршрутун улантат.