Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушунда жаңы сейил бактын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара конуштун 20 жылдык мааракесине туш келди.
Ачылышка Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров баштаган расмий өкүлдөр жана жергиликтүү тургундар катышты.
1,12 гектар аянтты ээлеген бул сейил бак Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулду. Жаңы эс алуу жайында төмөнкүлөр каралган:
- Жөө адамдар үчүн жолдор;
- Кичи футбол, балдар жана спорт аянтчалары;
- Жайкы сахна жана арена;
- Көрктөндүрүлгөн гүлзарлар.
Аймак толугу менен көрктөндүрүлүп, автоматтык сугат системасы, заманбап жарыктандыруу орнотулган. Мындан сырткары, тургундардын коопсуздугу үчүн сейил бактын айланасына видеокөзөмөл камералары коюлган.
Мааракенин жана сейил бактын ачылышынын урматына Съездбек Искеналиев, Динара Акулова, Алтынай Нарбаева сыяктуу белгилүү эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Ошондой эле жаштар арасында футбол, аркан тартыш жана башка спорттук мелдештер уюштурулду.
Салтанаттуу аземде ошондой эле райондун тургундарына Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.