Мурас-Ордо конушунда сейил бак жана бала бакча курулууда

Коом 4 июль 2025 09:35
1751552016.jpeg
1751552067 (1).jpeg
1751551994.jpeg
1751552001.jpeg
1751552009.jpeg
1751552034.jpeg
1751552041.jpeg
1751552047.jpeg
1751552053.jpeg
Алдыга
Артка
1751552016.jpeg
1751552067 (1).jpeg
1751551994.jpeg
1751552001.jpeg
1751552009.jpeg
1751552034.jpeg
1751552041.jpeg
1751552047.jpeg
1751552053.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 04.07.25 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын райондорун кыдырууну улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул ирет шаар башчысы Мурас-Ордо жаңы конушундагы сейил бактын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле тургундар менен жолугушуу болуп, анда турак жай-коммуналдык чарба жана транспорт маселелери айтылды.

Жеринде жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча шаардык кызматтарга тапшырмалар берилди.

Ошондой эле мэр ушул эле конуштагы 280 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Айбек Жунушалиев Капиталдык курулуш башкармалыгына техникалык көзөмөлдү күчөтүүнү, подрядчыга жеринде ишти тез арада камсыз кылуу үчүн кошумча жумушчу күчүн тартууну тапшырды.

Ошондой эле иштин сапатына көңүл буруу,  балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү милдети коюлду.