Муниципалдык инспекция айып пулдардын эсебинен дээрлик 3 млн сом чогултту

Коом 1320 24 Январь 2025 17:20
475028284_1037190578456796_3281643274722669911_n.jpg
474584810_1037190631790124_3163979972998491684_n.jpg
Алдыга
Артка
475028284_1037190578456796_3281643274722669911_n.jpg
474584810_1037190631790124_3163979972998491684_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы 2024-жылы экологиялык эрежелерди бузган тараптардан дээрлик 3 млн сом чогултту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2024-жылдын ичинде Муниципалдык инспекция 256 таштанды, башка калдыктар жана куураган чөптөрдү өрттөө учурларын каттаган. Жалпы айыптардын суммасы 3 млн сомго жакын болду.

Ошондой эле бүгүн, 24-январда Бишкек шаарында көрктөндүрүү эрежелеринде тыюу салынган таштандыларды өрттөгөндөрдү аныктоонун алкагында, ккурулуш материалын өрттөгөнү үчүн А.Н.Ш. аттуу жаранга айып салынды. Текшерүү учурунда шаар тургуну ламинаттын кесиндилерин от жагуу үчүн колдонгондугу белгилүү болгон. Толук күйүп бүтпөгөн таштанды сыртка чыгарылып, ал айланада курч жыттын таралышына себеп болгону белгиленди.

Ошондой эле экологиялык мыйзам бузуу Витебский көчөсү, 1а дарегинде катталып, жергиликтүү жашоочу Т.Р.А. аттуу жаран таштандыларды өрттөгөндүгү үчүн КРнын Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, көмүр жана отун колдонууга уруксат берилген, ал эми башка нерселерди өрттөөгө тыюу салынат. Мыйзам бузуу үчүн жеке адамдарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом өлчөмүндө айып каралган.