Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө кубогунда күмүш медаль тагынды.
Сейитбек уулу 60 кг салмак категориясында катышты. Ал алгач чейрек финалда польшалык мушкерди, ал эми жарым финалда англиялык спортчу Уильям Дэвид Хьюитти жеңип алган.
Эми ал алтын медаль үчүн беттеште индиялык мушкер Сачин Сивачтан жеңилип калды.
Белгилей кетсек, мелдеш 16-20-ноябрда Индиянын Чоң Нойда шаарында өттү.