Жакынкы күндөрү социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы мектептердин биринде сабак учурунда мугалимдин окуучуга кол көтөргөн видеосу тарады. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрымдар мугалимдин аракетин кескин айыптап, балага кол көтөрүү туура эмес экенин белгилешсе, экинчи тарап агартуучулардын кадыр-баркы түшүп жатканын айтып, мугалимди жактап чыгышты.
Бул биринчи жолку учур эмес. Буга чейин да мектептерде мугалим менен окуучунун ортосунда мындай окуялар катталып, коомдо талкууга айланып келген.

Бишкек мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборунун кызматкери, тажрыйбалуу психолог Гүлзат Исабекова мурунку убактарда мугалимдердин билим берүү учурунда окуучуларга кол көтөрүшү коомдо кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып келгенин, мындан улам бүгүнкү күндө коомчулукта эки түрдүү пикир жаралып жаткандыгын белгилейт.
“Мурда мугалимдин окуучуга кол көтөрүүсү коомдо кадыресе көрүнүш болуп, азыркыдай жат кабыл алынчу эмес. Бирок, билим берүүнүн бул ыкмасынан эч ким жакшы окуп, акылдуу болуп кеткенин көргөн жокпуз. Бул бизге уруп-согуу менен баланын жакшы окуп кетпей тургандыгын көрсөттү.

Андан сырткары, ошол кезде токмок жеген балдар үчүн дагы кадыресе көрүнүш болуп, эч ким уялчу эмес. Ал эми азыркы учурда окуучулар ур-соккуга алынган баланы кемсинтип, шылдыңдап, “сен ошого татыктуусуң” деп буллинг жасашы мүмкүн. Анан албетте, бала коркуп же тескерисинче агрессивдүү болуп калышы ыктымал. Ошондой эле анын өзүнө болгон ишеними төмөндөйт, кыжырланат. Ал сабакка экинчи киргиси келбей калат же мени урса боло берет экен деген ой пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан, уруп-сабоо менен баланы окутуу мүмкүн эмес.
Учурда биз мектептерди кыдырып лекция өтүп жатабыз. Кожомкул айылындагы үч мектепте болгон кезде окуучуларга келечекте мугалим болгуңар келеби деп суроо узаттык. Бир да бала кол көтөргөн жок. Себебин сурасасак, “биз мугалим ким экенин билебиз, ал абдан оор, эмгеги бааланбаган кесип. Балдардын көптүгүнөн кээде мугалимдер аргасыздан кыйкырууга мажбур болушат” деп жооп беришти.

Чын-чынына келгенде да, педагогдордун иши абдан оор. Айрым учурларда эмоционалдык чарчоого туш болушат. Чарчашат. Окуучулар таптакыр укпай, чектен ашкан учурлар кездешет. Бирок, кандай гана учур болбосун, мугалим өзүнүн эмоциясын кармай билиши керек. Кол көтөрүү - бул эң эле акыркы кадам. Андыктан, мен ойлойм аларга көбүрөөк тренингдерди өткөрүп, руханий чарчоосунун алдын алып, жардам берип туруу керек. Себеби, биз мектептерди кыдырып, окуучулар менен бир аз убакыт чогуу болгондо, алардын ызы-чуусуна чыдабай кетебиз. Ал эми алар күнүгө ушул нерселерге чыдап иштешет. Бирок, уруп-сабоого негизделген тарбия эч кандай жыйынтыкка алып келбейт”,-деди ал.

Борбор калаадагы №87 мектептеги мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти атайын комиссия түзүп, мектептеги кырдаалды териштирүү иштерин жүргүзгөн. Ага ылайык, бир катар мыйзамдардын одоно бузулгандыгы белгилүү болгон. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексинин, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын, “Жалпы билим берүүчү уюмдар жөнүндө” типтүү жобонун, ошондой эле педагогикалык кесиптик этикалык нормалары сакталганбагандыгы аныкталган.
Мекеме “Жашы жете элек окуучунун укуктарына шек келтирилген. Мындай көрүнүштөргө жол берилбейт. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен мектеп директоруна карата тартиптик жаза колдонулду, ал эми мугалим белгиленген тартипте, ээлеген кызматынан бошотулду” - деп билдирет.

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Биринчи май айылындагы Т.Тынымбаев атындагы орто мектебинин 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар математика мугалими Бүбүайша Жумукова бүгүнкү күндөгү окуучуларга эски ыкмаларды колдонуу туура келбей тургандыгын белгилеп, кырдаалды жумшартып кетүүнүн ыкмаларын сунуштады.
“Менин жеке оюмда азыркы муундун окуучулары жана алардын көз караштары башкача. Азыр “мурун мындай болчу” деп эски ыкмаларды колдонууга болбойт. Мугалимдер дагы балдарга учурдагы талапка жараша мамиле жасап, иш алып барганы оң деп эсептейм.
Бул окуяда окуучу ага чейин, үйүндө же чөйрөсүндө кандайдыр бир жагымсыз окуяга кабылган болушу мүмкүн. Мындай учурда бала ого бетер көгөрөт. Бирок, кандай гана окуя болбосун, мугалим биринчи кезекте өзүн кармаганга аракет кылышы керек.

Педагогдордун кесиптик этикасында окуучуга катуу айтмак тургай, “сиз” деп кайрылып, жумшак мамиле жасоо сунушталат. Бирок, айрым учурларда балдар сөз укпай чектен ашып кетишет. Ал ар бир мугалимдин башынан өтөт. Бирок, мындайда алгач өзүңдүн эмоцияңды колго алып, кырдаал ырбап баратканда аны жумшартып жагдайды оңдоп кетүүгө болот. Мисалы, кыска тамашалардан айтып, окуучунун көңүлүн көтөрүү жакшы жардам берет”,-деди мугалим.
Агартуу министри окуяны жеке көзөмөлүнө алды. Анын негизинде алдын алуу чаралары күчөтүлүп, республика боюнча бардык педагогдор менен кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү, коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга багытталган тренингдерди өткөрүү үчүн билим берүү уюмдарына психологдор жөнөтүлөрүн белгиленди.