Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги "Түндүк" ААК менен биргеликте мугалимер үчүн иштеген жеринен маалым кат алуу боюнча жаңы санарип кызматты ишке киргизди.
Ведомстводон билдиришкендей, маалым катты мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилик тиркемеси же веб-порталы аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде алууга болот.
Маалым кат автоматтык түрдө "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде түзүлөт жана кызматкер туралуу, иштеген жери жана ээлеген кызматы жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
"Документ электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүп, юридикалык күчкө ээ. Анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.