Мугалимдерге камкордук: "Кызыл Гвоздика" эс алуу борбору толук жаңыланды

Аймак Загрузка... 17 Июль 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кесиптик бирликтер федерациясы

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги "Кызыл Гвоздика" чыңдоо борборунда жаңы заманбап корпустун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан ишке ашырылды.

Белгиленгендей, соңку 30 жылда биринчи жолу мындай заманбап эс алуу объекти профсоюздук мүчөлүк төгүмдөрдүн эсебинен курулду. Башкы максат билим берүү тармагынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн сапаттуу эс алуу жана ден соолукту чыңдоо шарттарын түзүү болгон.

Мында 55 орундуу жаңы 3 кабаттуу корпус, конференц-зал, банкеттик зал, суу кудугу жана тазалоочу курулмалар курулду. Азыр борбор бир убакта 140 эс алуучуну кабыл ала алат. Курулуш жана калыбына келтирүү иштеринин жалпы наркы 63 млн сомду түздү.