"Мугалим" чокусундагы жыртылып калган желек алмаштырылды

Коом Загрузка... 29 Декабрь 2025 12:20

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Мугалим" чокусуна чыгып, айрылып калган желекти алмаштырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аталган чоку деңиз деңгээлинен 4530 метр бийиктикте жайгашкан.

"Чокуда айрылып турган желегибиздин ордуна жаңысын илдим.

Алыс, жол татаал, шамал, суук жана тик өйдөлүш экен. Бул жакка негизи эки күн ичинде Рацекке жатып, андан соң жетишет экен. Мен бир күндө эле жетем деп жөнөп кетип, кайра көп кыйынчылык менен кайтып келдим. Чокудагы желегибиз айрылып калганын мурда интернеттен көрдүм эле, ордуна жаңы желегибизди ала барып жаңылап илип койдум", - деп жазды ал.