Муфтият 2027-жылдагы ажылык сапары үчүн авиакомпанияларга сынак жарыялады

Коом Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 10:33
347263622_588586930070267_1994144566292026779_n.jpg

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Ажылык иштерине даярдыктар башталгандыгына байланыштуу, Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы 2027-жылдагы Сауд Аравияга боло турган ажылык сапарына ажыларды жеткирип-алып келүү үчүн авиакомпаниялардын ортосунда 2026-жылдын 27-июлдан 24-август, саат 17:00гө чейин сынак жарыялады.

Муфтияттан билдиришкендей, тандоо иш-чарасына катыша турган авиакомпанияларга коюлган талаптар тууралуу кененирек маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 264/3. Муфтияттын жаңы кеңсеси.

Уюлдук тел: 0778486167 / 0708486167

Эл. почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Тандоо иш чарасы өтө турган күн: 2026-жылдын 27-август, саат 10:00, Муфтияттын жыйындар залы.

Документтерди кабыл алуу: 2026-жылдын 27-июлдан 24-август саат 17:00гө чейин.

Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.