МСК: Товар калдыктарын системага киргизүү мөөнөтү 1-октябрда аяктайт

Коом 30 сентябрь 2026 13:00
МСК: Товар калдыктарын системага киргизүү мөөнөтү 1-октябрда аяктайт
copyright icon WWW

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-октябрында товарлардын калдыктарын товарларга байкоо жүргүзүү системасына киргизүү мөөнөтү аяктай тургандыгын эскертет.

Ведомстводон белгилешкендей, белгиленген мөөнөткө чейин байкоо жүргүзүлүүчү товарларды саткан салык төлөөчүлөр системага товарлардын калдыктары тууралуу маалыматтарды киргизиши керек.

Тактап айтканда, байкоо жүргүзүлүүчү товарларга төмөнкүлөр кирет:

  • тиричилик муздаткычтары жана тоңдургучтар;
  • кир жуугуч машиналар;
  • телевизорлор жана мониторлор (теле- жана видеоаппаратуралар).

Мында калдыктарды киргизүү талабы сатууга арналбаган негизги каражаттарга жайылтылбайт.

Калдыктарды киргизүү салык төлөөчүнүн cabinet.salyk.kg сайтындагы жеке кабинетинде жайгашкан «ЭЭФ 2.0» модулу аркылуу жүргүзүлөт. Бул үчүн «Кириштөө» бөлүмүн тандап, кампадагы калдыктардын келип чыгуу булагын көрсөтүп, товар тууралуу керектүү маалыматтарды киргизүү зарыл.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин аймагында ЕАЭБдин бажы аймагына киргизилген товарлардын айрым категорияларына байкоо жүргүзүү системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилген.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү товарларга байкоо жүргүзүү системасына киргизилүүчү товарлардын бар же жогун өз убагында текшерип, белгиленген мөөнөттө алардын калдыктары тууралуу маалыматтарды киргизүүгө чакырат.

Товарларга байкоо жүргүзүү системасына байланыштуу суроолор боюнча Салык кызматынын 0312 62-08-55 телефонуна кайрылсаңыздар болот.