Кыргызстанда 19 миңден ашуун бош жумуш орду катталды

Коом 30 сентябрь 2026 12:55
Кыргызстанда 19 миңден ашуун бош жумуш орду катталды

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда сентябрь айына чейинки отчеттук мезгил ичинде 19 миңден ашуун бош жумуш орду катталып, анда талап кылынган адистердин 68 пайызын жумушчу кесиптер түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бош жумуш орундары боюнча маалыматтарды министрликтин борбордук аппараты жана аймактык бөлүмдөрү топтойт.

“Жыйналган 19 миңден ашуун бош жумуш ордунун 68 пайызы жумушчу кесиптерге туура келет. Айрыкча курулуш тармагында адистерге суроо-талап жогору болууда. Өлкөдөгү ипотекалык үйлөрдүн курулушу жана башка курулуш багытынын өнүгүшү менен бул тармакта көптөгөн адистер талап кылынууда”, - деди Туркебекова.

Ал белгилегендей, жеңил өнөр жай, тейлөө жана соода тармактарынын өнүгүшүнө байланыштуу бул багыттарда да суроо-талапка ээ кесиптер көп.

“Порталга акыркы мезгилде топтолгон маалыматтарда да негизинен жумушчу кесиптерге суроо-талап жогору экени көрүнүп турат. Мындан тышкары, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында да кадр жетишсиздиги байкалууда”, - деди ал.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жумуш издеген жарандар жана иш берүүчүлөр үчүн ишке киргизилген Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg санариптик порталы 22-июлдан тарта пилоттук режимде иштеп келген. Бүгүнкү күндө порталдын 1 миң 29 колдонуучусу катталган. Алардын арасында иш берүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар бар. Ошондой эле порталга 121 ишкана катталып, алар тарабынан 176 бош жумуш орду жарыяланган.

Эскерте кетсек, бүгүн жогоруда аталган Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg санариптик платформалар толук ишке кирди.