МСК: Орто бизнестин өкүлдөрү ай сайын бирдиктүү салык отчетун берүүгө милдеттүү

Коом Загрузка... 21 Август 2025 11:01
1054829268_48_392_1244_1065_1920x0_80_0_0_1699da45b009031a98bbdbae6bcfc4f4.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.08.25 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы орто ишкердик субъекттери салык органдарына ай сайын бирдиктүү салык боюнча отчет берүүгө милдеттүү экенин эскертет.

Ведомстводон белгилешкендей, ал отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети же "Salyk.kg" мобилдик тиркемеси аркылуу берилиши керек.

Салык отчетун белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салыктык санкциялар каралган. Ар бир кечиктирилген отчет үчүн айып салынат.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 12-февралындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, бирдиктүү салык боюнча отчеттуулук тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Буга чейин отчет квартал сайын берилсе, эми аны ай сайын берүү талап кылынат.