Москвадан кичинекей үч кыргызстандык кайтарылды

Коом Загрузка... 03 Март 2025 10:10
481012817_1073202551516084_339975406194097153_n.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган үч баланы мекенине кайтарууну уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Балдарды кайтаруу Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашырылган.

Мындан ары министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү иштерин жүргүзөт жана алардын абалын ар тараптан баалайт. Бул процесс социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоону камтыйт.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылган. Анын ичинде:

  • 2022-жылы-8 бала;
  • 2023-жылы-12 бала;
  • 2024-жылы-21 бала.