Бишкек, 08.08.26 /Кабар/. Москва шаарында жана Москва облусунда 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып миграциялык каттоого туруу үчүн "Амина" мобилдик тиркемесин колдонуу чөйрөсү кеңейтилет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап 18 жаштан жогорку төмөнкү категориядагы жарандар үчүн "Амина" мобилдик тиркемесин орнотуу, тиешелүү жол-жоболордон өтүү жана миграциялык каттоого туруу милдеттүү болуп калат:
- Москва шаарынын жана Москва облусунун жогорку же орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуган студенттер;
- Аталган аймактарда мыйзамдуу эмгектенген жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- Жеке, конокко баруу, туристтик жана башка (эмгекке байланышпаган) максаттар менен барып, болуу мөөнөтү 90 календардык күндөн ашкан жарандар.
Министрлик Москва шаарында же Москва облусунда жүргөн, ошондой эле ал жака барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө "Амина" тиркемесин алдын ала орнотуп, Россия мыйзамдарына ылайык миграциялык каттоону өз убагында жүргүзүүнү сунуштайт.
Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышууга болот:
- Кыргызстандын Россиядагы элчилиги: +7 925 285 50 47
- Консулдук департамент: +996 999 312 002