Москвада ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт — Кабар

Москвада ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт

Саясат 18 ноябрь 2025 14:28
Москвада ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Россиянын борбор калаасы Москва шаарында ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

“8-декабрда Москвада ассамблеянын төрагасы, Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин жетекчилиги астында ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын кеңешинин биргелешкен жыйыны жана 18-пленардык жыйыны өтөт”,- деп айтылат маалыматта.

Жыйында заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешкен чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жамааттык коопсуздуктун укуктук негиздерин бекемдөө максатында жаңы моделдик мыйзамдардын кабыл алынышы күтүлүүдө