Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. 16-июлда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Москвада Чыгыш мамлекеттик музейи тарабынан уюштурулган "Ысык-Көлдүн жээгинде" көргөзмөнүн ачылышына катышты.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчи сөз сөзүндө музейдин жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Көргөзмөдө кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун, ошондой эле чыгармачылыгы Кыргызстан менен тыгыз байланышта болгон белгилүү россиялык авторлордун эмгектери коюлган. Анда келгендерге XIX кылымдын аягындагы жана XX кылымдын башындагы Кыргызстандын көркөм сүрөтүн жана көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Көрүүчүлөргө музейдин фондунан элүүдөн ашык экспонат тартууланды, алардын арасында Семён Чуйков, Гапар Айтиев, Жамбул Жумабаев жана Догдурбек Нургазиев сыяктуу Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрү, ошондой эле Шаарбек Аманкуловдун станоктук скульптурасы жана керамикалык буюмдары бар.
Ошондой эле чыгармачылыгына Кыргызстандын кооз жаратылышы дем берген сүрөтчүлөр Давид Флекман, Николай Евдокимов, Татьяна Горчакова, Петр Будо, Ольга Малышеванын эмгектери да коюлган.
Живопись жана скульптуралык экспозиялардан тышкары, XIX кылымдын аягындагы жана XX кылымдын башындагы кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын көрүүгө болот.
Көргөзмө аталган музейде 12-октябрына чейин ачык болот.