Москвадагы мигранттар "Амина" тиркемесин колдонууга милдеттендирилет

Коом Загрузка... 26 Август 2025 11:00
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. 1-сентябрдан тарта Москвада мигранттар "Амина" тиркемесин колдоно баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Москва шаарында жана Москва облусунда чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын жашаган жери боюнча эсепке алуу эксперименттик тартиби киргизилет. Мындан улам бул тиркеме учурда колдонулуп жаткан миграциялык каттоонун тартибинин ордун толтурат. Буга байланыштуу Москва шаарына жана Москва облусуна “эмгектенүү” максатында келген чет элдик жарандар “Амина” атайын мобилдик колдонмосун милдеттүү түрдө орнотушу керек.

“Амина” колдонмосу аркылуу мигранттар Москва шаарынын Көп функционалдуу миграциялык борборунун (ММЦ Сахарово) дареги боюнча каттоого туруп, ички иштер органдарына түнөгөн, эс алган же туруктуу жашаган жери жөнүндө аралыктан маалымдай алат. Жашаган жери өзгөргөн учурда чет элдик жаран колдонмонун интерфейси аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.

“Амина” мобилдик колдонмосун чет элдик жарандар өз алдынча “RuStore” колдонмо дүкөнүнөн орното алышат, бул үчүн Сахарово миграциялык борборуна же Россиянын ИИМинин аймактык бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок. Колдонмого катталуу (авторизация) үчүн жарактуу чет элдик жарандын картасы талап кылынат. Аны алуу үчүн чет элдик жаран Сахарово борборуна кайрылышы керек. Ал эми карта жоголгон учурда “Амина” колдонмосуна паспорттук маалыматтар аркылуу да кирсе болот.

Мобилдик тиркеме Россия ИИМине геолокация жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп турат. Эгер тиркеме бир нече күн бою маалымат жөнөтпөй калса, чет элдик жаранга жашаган дарегин тастыктоо же анын өзгөрүүсү тууралуу РФ ИИМине кабарлоо зарылдыгы жөнүндө эскертүү келет. Бул үчүн ички иштер органдарына же Сахарово борборуна баруунун кереги жок.

Эгер акыркы мониторингден кийин үч күндөн ашык убакыт ичинде абоненттин геолокациясы тууралуу маалымат болбосо, чет элдик жаран Сахароводогу дарек боюнча каттоодон чыгарылат. Эксперименттин шарттарын бузуу — чет элдик жаран тууралуу маалыматты Россиянын Көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизүүгө негиз болушу мүмкүн.

Колдонмонун иштөөсү менен таанышуу үчүн эксперимент башталганга чейин аны сынамык режиминде колдонууга болот. Ушуга байланыштуу Россиянын миграция мыйзамдарын бузууга байланышкан терс кесепеттердин алдын алуу максатында Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын Москва шаары менен Москва облусундагы чет элдик жарандарды каттоо боюнча жаңы эрежелер менен алдын ала таанышып чыгууга чакырат.