Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. "Манас" улуттук академиясы Москва шаарында ачыла турган “Манас бурчу” уникалдуу маданий-көркөм долбоорун тааныштырды. Бул тууралуу академиядан билдиришти.
Иш-чарага президенттин администрациясынын бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев, “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы, КР эл артисти, манасчы Рысбай Исаков, манасчы Кулмат Сыдыков, ЖМК өкүлдөрү жана академиянын жамааты катышты.
“Манас бурчу” – бул дүйнөнүн 10 өлкөсүндөгү ири китепканаларга жана алдыңкы университеттерге жайгаштырылуучу этникалык дизайндагы маданий мейкиндик. Анын максаты кыргыз элинин улуу мурасы болгон “Манас” эпосун эл аралык деңгээлде жайылтуу. Мында эпоско байланыштуу сейрек басылмалар, илимий изилдөөлөр жана чет тилдердеги котормолор окурмандарга сунушталат.
Долбоордун алгачкы ачылышы 2026-жылдын 15-17-май күндөрү Россиянын борбору Москва шаарында өтөт.
Бул демилге Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-академиялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүп, “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданий мурастагы ордун бекемдөөгө багытталган.