Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Москва шаарында жеңил өнөр жай боюнча контракттык өндүрүш тармагындагы BEE-TOGETHER.Ru аттуу эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон маалымдашкандай, улуттук көргөзмө Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, Россиянын Мода индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясы (RAFI), “Кыргыз экспорт” мамлекеттик борбору жана “Евразиялык бизнес-клуб” ОЮЛ алдындагы текстилди өнүктүрүү борборунун активдүү көмөгү аркылуу уюштурулду. Ага 60тан ашык тигүү жана текстиль ишканалары катышууда.
Иш-чаранын ачылышында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев өлкөнүн текстиль тармагынын жогорку экспорттук потенциалы тууралуу айтып берип, мындай аянтчалар кыргыз продукциясын Россия рыногунда жайылтуу үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле элчи уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде РАФИнин президенти Татьяна Белькевич кыргыз өнөктөштөрү менен кызматташтыкты баалап, Россиянын бренддеринин, ритейлерлеринин жана маркетплейстеринин Кыргызстандагы фабрикалардын өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүнө болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгиледи.
Көргөзмөнүн жыйынтыгында кыргыз ишканалары бир катар ишкердик байланыштарды түзүп, айрымдары продукция жеткирүү боюнча келишимдерге жетишти.
Москвада BEE-TOGETHER.Ru аттуу 19-эл аралык көргөзмө 27-майда ачылган. Ал жеңил өнөр жай тармагындагы B2B-бизнес платформасы түрүндөгү, фабрикаларды потенциалдуу кардарлар – бренддер, чекене сатуучулар, корпоративдик кардарлар жана башкалар менен байланыштырган Россиядагы жана КМШдагы алдыңкы адистештирилген эл аралык көргөзмөлөрдүн бири. РАФИ жылына эки жолу уюштуруп жаткан иш-чарага эл аралык өндүрүүчүлөр (КМШ өлкөлөрүнүн, Кытай, Түркия, Бангладеш ж.б. фабрикалар) катышууда.