Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. 14-мартта Жаңы Москванын Калуга шоссесинде Volkswagen кичи автобусу менен экскурсиялык автобус кагышкан.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги Кыргызстандын 6 жараны ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.
Окуя болгон күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу милиция бөлүмүнө барып, жабыркагандар тууралуу маалыматты тактаган.
"Учурда жабыркагандардын баары Москва шаарынын ооруканаларына жеткирилип, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жеке көзөмөлүндө турат.