Москвада кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу боюнча жыйын өттү

Коом Загрузка... 25 Июнь 2025 16:12
WhatsApp Image 2025-06-25 at 15.32.21.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.06.25 /Кабар/. Бүгүн Москва шаарында кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жыйын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин жетекчилиги менен Кыргызстандын Россиядагы элчиси жана Екатеринбург, Новосибирск, Казань жана Санкт-Петербург шаарларындагы башкы консулдарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Анда Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандарынын жүрүү маселелери, айрыкча Россияда миграция тармагында кабыл алынып жаткан жаңы мыйзамдык демилгелердин фонунда экыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктук абалын жөнгө салуу маселелери талкууланды.

Кыргызстандын жарандарын ушул жылдын 10-сентябрына чейин Россиянын президентинин жарлыгына ылайык өз абалын мыйзамдаштыруунун зарылдыгы тууралуу кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча так тапшырмалар берилди.

Ошондой эле министрдин орун басары Имангазиевдин Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында РФ Тышкы иштер министрлигинде тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү. Анда миграция тармагындагы мыйзамдык өзгөрүүлөр, региондордогу абал жана жарандарды мыйзамдагы өзгөрүүлөр тууралуу кабарлоо боюнча биргелешкен ишти күчөтүү маселелери талкууланат.