Москвада кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрү талкууланды

Коом 18 июль 2025 09:00
519616015_1185234000312938_6090383381178370262_n.jpg
517018875_1185234090312929_5079990436983352306_n.jpg
518261475_1185234300312908_841521763798984518_n.jpg
Алдыга
Артка
519616015_1185234000312938_6090383381178370262_n.jpg
517018875_1185234090312929_5079990436983352306_n.jpg
518261475_1185234300312908_841521763798984518_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспоралык бирикмелеринин өкүлдөрү жана активисттери менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын миграция мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу актуалдуу маселелер, алардын Кыргызстандын эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук абалына тийгизген таасири талкууланды.

РФ президентинин миграцияга байланыштуу жарлыгынын алкагында чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу маселелерине, ошондой эле өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерин апробациялоо боюнча экспериментке өзгөчө көңүл бурулду.

Диаспора өкүлдөрү кыргызстандыктар Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштырууда кыйынчылыктар уланып жатканын айтышты. Атап айтканда, Россия ИИМинин аймактык башкармалыктарында миграция маселеси боюнча узун кезектер көйгөй жаратып жатканы айтылды. Алардын айтымында, кабыл алуу үчүн жарандар жумалап кезек күтүүгө аргасыз.

Ошол эле учурда алар Эмгек министрлигинин маалыматтык-түшүндүрүү иштери жана мыйзамдаштыруу маселелеринде жарандарга көмөк көрсөтүү жаатындагы ишине оң баа беришти.