Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Екатеринбург, Новосибирск, Казань жана Санкт-Петербург шаарларындагы башкы консулдар катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Алмаз Имангазиев мекендештерге Кыргызстандагы коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык жетишкендиктер, республиканын туруктуулугун жана туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди.
Ошону менен бирге Россиянын аймагында жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу кенен айтып берди.
Муну менен катар, Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы жаңы эрежелерге көңүл бурулуп, 2025-жылдын 10-сентябрына чейин укуктук статусту жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү, Россияга кирүүнүн жаңы эрежелерин апробациялоо эксперименти, балдарды билим берүү мекемелерине жайгаштыруу үчүн орус тилинен тестирлөөдөн өтүү зарылдыгы жана башка жаңы миграциялык эрежелер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары, Имангазиев катышкан мекендештерге Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктук статусун убагында жөнгө салып алуу боюнча жарандар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүүгө чакырды.
Өз кезегинде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү миграциялык жаңы өзгөрүүлөргө байланыштуу мекендештер туш болуп жаткан көйгөйлөр менен бөлүштү. Жетекчилер мекендештердин бардык суроолоруна толук жооп беришти.